Куту
Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

Билим берүү программасы

mozaBook программасы, mozaBookтун санариптик китептерин ачууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, ал оюндарды, тематикалык куралдарды жана интерактивдүү экстра мазмундарды камтыйт. Булар болсо, окуу материалын кызыктуу кылып, сабактарды оңой өздөштүрүүгө жардам берет. Камтылган анимациялар, презентациялар жана иллюстрациялар мугалимдердин класстык иштерин мыкты деңгээлде өтүүсүн камсыздайт.

1300дөн ашык 3D үлгүлөр, жүздөгөн видео сабактар, сүрөттөр, аудиолор, тематикалык куралдар жана бардык предмет оюндарын каалаган жерден онлайн режиминде колдонууга болот. mozaWebин эч кандай кошумча программа талап кылынбайт жана аны каалаган браузер менен ачууга болот.

CadaVR санариптик анатомия атласы, диссекция бөлмөсүндөгү жана дүйнөгө белгилүү анатомия музейиндеги чыныгы анатомиялык үлгүлөрдүн коллекциясынан санариптештирилип даярдалган, 3D үлгүлөрдү колдонуп, анатомиялык структураларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Детальдуу 3D үлгүлөрдү VR программасы аркылуу ачууга болот.

Интерактивдүү mozaMap программасынын санариптик атластары, география жана тарых сабактарынын куралдарын дагы да кеңейтет. Карталардын ар кандай түрлөрүн жана алардын элементтерин эркин алмаштырып жана түзөтүп, аларды сактап коюуга дагы болот. Санариптик атластар, биздин басып чыгарылган тарых жана география атластарыбыздын толук көлөмүн камтыйт.

Mozaik Education тарабынан иштелип чыккан mozaLog бул - санариптик мектеп журналы. Ал мектеп кызматкерлерине административдик жана уюштуруучулук милдеттерди аткаруу үчүн бирдиктүү интерфейсти колдонууга мүмкүндүк берген билим берүүчү маалымат системасы. Биздин mozaLog башкаруу системасын колдонуп көргөн соң, салттуу кагазга негизделген класстык журналдар менен иштөө өтө түйшүктүү экендигин дароо байкоого болот.

LabCamera – бул илимий изилдөө жана маалыматтарды чогулткан веб-камера программасы. Ал окуучуларга жана мугалимдерге компьютер аркылуу илимий тажрыйбаларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Euklides тегиздик геометрия программасы, ар кандай Геометриялык көнүгүүлөрдү оңой, так жана тез аткаруга жардам берет. Санариптик тегиздикте түзүлгөн геометриялык фигуралардын элементтери кыймылдуу келип, ар кандай байланыштарды туруктуу сактагандыктан, геометриялык фигуралардын чегин оңой эле таап, көрсөтүүгө болот.

Euler3D мейкиндик геометрия программасы, ар кандай үч өлчөмдүү фигураларды жана беттерди гана көрсөтпөстөн, аларды жогорку деңгээлдеги математикалык башкаруу менен түзүүгө мүмкүндүк берет. (Анын функцияларынын арасында кесилишкен чекиттерди тарытуу, деңгээлдерди көзөмөлдөө, ойюлган көп бурчтуктарды үч бурчтуктарга бөлүү функцииясы кирет).