Куту
Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

mozaMap

mozaMapдин интерактивдүү карта түзүү программасынын санариптик атластары, география жана тарых сабактарынын куралдарын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Тематикалык карталарды жана алардын элементтерин эркин түзүүгө, жекече колдонууга болот. Бул сабактарга даярданууну жана сабактарды өтүүнү бир кыйла жеңилдетет. mozaMap санариптик атластарын, mozaBook программасында жана mozaWebде ачууга болот.

Атластар, карталар
Эмне үчүн mozaMap тандоо керек?

Эмне үчүн mozaMap тандоо керек?

Дубал карталарын алмаштыруу

Бир нече сапаттуу Санариптик карта, басылып чыгарылган дубал карталарын толугу менен алмаштыра алат. mozaMap карталары кошумча мейкиндикти ээлебегендиктен, аларды чексиз сандагы нускада, каалаган убакта, каалаган жерде колдонулууга болот. Ошондой эле, биздин программанын жардамы менен, дагы да детальдаштырылган карталарды оңой эле колдонсоңуз болот.

Муктаждыктарыңызга туура келет

Карталар күйгүзүүгө жана өчүрүүгө оңой катмарлардан түзүлгөндүктөн, мугалим картаны сабактын темасына ылайыкташытырып өзгөртсө же керектүү деталдарды баса белгилеп көрсөтсө болот. Мындайча айтканда, мугалим окуучуларды алаксыткан ар кандай маалыматтардан арылтып, алардын көңүлүн окутулган материалга гана бурууга жана окуутуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулата алат.

Ар тараптуу

mozaMap карталарды класстык иштерде колдонуунун жаңы чен-өлчөмүн ачкан, көптөгөн иллюстрациялык жана анимациялык функцияларды камтыйт. Программада даярдалган тез жана оңой тапшырмалар, класстык иштерге бардык окуучулардын катышуусун камсыздайт.

Чексиз чоңойтуу мүмкүнчүлүгү

Вектордук файлдарга негизделген карталардын масштабын, каалагандай өлчөмгө чейин сапатын жоготпостон чоңойтууга болот. Динамикалык шкала, реалдуу убакыт учурдагы масштабга ылайыкташат.

Көп тилдүү

Санариптик карталарды, бир баскычты басып эле бир нече тилге оңой эле которууга болот. Башка тилге которулган убакта, картанын баяндамалары жана аталыштары гана эмес, колдонуучу интерфейси (меню системасы, катмарлардын аттары, картадагы жерге байланыштуу легендалар ж.б.) дагы толугу менен тандалган тилде көрсөтүлөт.

Катмарлар, жекелештирилген көрүнүштөр

Катмарлар, жекелештирилген көрүнүштөр

Картадагы бардык тексттерди издөөгө, катмарларын бирден күйгүзүп жана өчүрүүгө болот. Мугалимдер өздөрүнө ылайыктуу болгон үлгүлөрдү даярдап, өз сабактарынын эффективдүүлүгүн жогорулатышса болот.

Орнотулган карта көрүнүштөрүн атап, сактап коюуга болот. Мынадайча, картанын масштабына киргилген өзгөртүүлөр, тартылган чиймелердин жана катмарлардын көрүнүүсү, бардыгы сакталат. Сакталган көрүнүштү mozaBook программасына киргизип, сабак учурунда оңой эле ачып колдонсоңуз болот.

Атластар, карталар
Катмарлар, жекелештирилген көрүнүштөр
Катмарлар, жекелештирилген көрүнүштөр
Катмарлар, жекелештирилген көрүнүштөр

Иллюстрация мүмкүнчүлүктөрү

Иллюстрация мүмкүнчүлүктөрү

MozaMapде мугалим өз катмарларын түзүп, аларга ар кандай чиймелерди, сүрөттөрдү, символдорду, пиктограммаларды жана текст көбүкчөлөрүн жайгаштыра алат. Камтылган сүрөт куралдары, географиялык жана тарыхый символдорду камтыган, кеңири иллюстрациялык спектр менен камсыз кылып турат.

mozaMapте түзүлгөн чиймелерди жана иллюстрацияларды оңой сактоого, эркин жылдырууга жана алардын өлчөмүн карталардын масштабына ылайыкташтырууга болот. Жогорудагы мазмун менен түзүлгөн картанын негизинде, сиз презентация дярдап, аны башкалар менен бөлүшсөңүз дагы болот.

Атластар, карталар

Анимация

Эгер мугалим, ар кандай доорлордун өзгөчөлүктөрүн жана бөлүктөрүн баса белгилеп көрсөтсө, программа, ар бир окуянын убакыттын өтүшү менен өзгөрүү өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү касиетине ээ. Бул убакыттын өтүшү менен бирге белгилүү бир окуялардын (мисалы, согуштардын, соода алакалардын, келишимдердин) географиялык таасирин динамикалык түрдө көрсөтүүгө мүмкүндүк берип, окуучуларга аймактык жана убакыттык өзгөрүүлөрдүн байланышын түшүнүүгө жана өздөштүрүүгө жардам берет.

Анимация ачык учурда, анын датасы картанын астындагы убакыт тилкесинде көрсөтүлөт. Анимацияларды токтотууга жана ойнотуу ылдамдыгын жөнгө салууга болот.

Атластар, карталар
Анимация
Анимация
Анимация

Көнүгүүлөр

Колдонуучулар mozaMap карталарын, өз муктаждыктарына жараша оңдоп-түздөй алышат. Ошондой эле, карталарга киргизилген тапшырмаларды сактап коюуга, аларды башкалар менен бөлүшүүгө жана mozaBook программасына оңой эле киргизип коюуга болот.

Мугалим шаарларды, согуш талааларын, тарыхый жана географиялык жерлерди бош карталарда белгилеп койсо, окуучулар белгиленген жерлерди тиешелүү тексттерге карата аныктап таба алышат. Мындай тапшырмалардын аткаруу мөөнөтүн дагы киргизген учурда, карта тапшырманын аткарууга канча убакыт калганын окуучуларга көрсөтүп турат. Тапшырма аяктаган соң, mozaMap окуучулардын туура жоопторунун орточо санын көрсөтөт.

Атластар, карталар
Көнүгүүлөр
Көнүгүүлөр
Көнүгүүлөр